УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Facebook баракчасында Конституциялык соттун качкын президент Курманбек Бакиев тууралуу чыгарган чечимине бийликтин тиешеси жок экенин билдирди.
"Кечээ Конституциялык соттун Курманбек Бакиев боюнча чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок. Конституциялык сот көз карандысыз. Бакиев боюнча Жогорку соттун өкүмү күчүндө турат.
Ошондуктан эгер ал Кыргызстанга келе турган болсо, чек арадан өтөрү менен камалат", - деп жазды ал.
Айта кетсек, кечээ, 11-апрелде Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин жактоочусунун өтүнүчүн карап, чечим чыгарган.