Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алганын билдирди.
"Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн тизмесине көптүн катарында кезеке катталган болчумун. Мен да төрт жылдан ашуун күтүп, кезегим жетип жаңы конуштуу болуп отурам. МИКке кезекке турганымда менин кезегим эки жылдан ашкан соң жеткен болчу.
Өз ыктыярым менен буга чейин эки жолу кезегимди жылдырууну суранып, үйгө муктаж болгон жөнөкөй жарандарга берүүсүн өтүнгөм. Үчүнчү жолу тизмеге катталып, кезегим жетип мамлекеттик кызматкер катары үйдүн ачкычы тапшырылды. Өлкөбүздө тынчтык болуп турса жакшылыктын уучу улана берет. Кубанычы койнуна батпай жаңы конуштуу болгон жарандарыбыздын өргөсү кут болсун!" - деп жазды ал.
Айта кетсек, кечээ, 11-апрелде МИКтин кезектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан батирлери президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өз ээлерине тапшырылган.