АКШнын Висконсин штатында өспүрүм президент Дональд Трампты өлтүрүү үчүн алгач ата-энесинин өмүрүн кыйган деп айыпталууда. Бул тууралуу ABC News каналы соттук документтерге таянуу менен билдирди.
Маалыматка караганда, 17 жаштагы бала өзүнүн кылмыштуу ниетин ишке ашырууга зарыл болгон акча каражатына ээ болуу үчүн алгач ата-энесин өлтүргөн. Телеканал жигит март айында кармалганын белгиледи. Ал адам өлтүргөн, жансыз денелерди жашырган деп айыпталып жатат.
ABC News ага карата президентти өлтүрүү жана Кошмо Штаттардын өкмөтүн кулатуу планы боюнча башка адамдар менен байланышта болгон деген да шектенүүлөр жаралып жатканын белгилейт.
Ошондой эле шектүүнүн телефонун текшергенде Адольф Гитлердин сүрөттөрү жана фашизмге тиешелүү материалдар табылган.
Буга чейин АКШ бийлиги Трампты өлтүрүү менен коркуткан Жорджия штатынын жана Пенсильвания штатынын жашоочулары кармалганын маалымдаган.
Белгилей кетсек, Ак үй башчысына бийликке келер алдында да 2 жолу кол салуу болгон. Алгач ага былтыр июль айында, тагыраагы, президенттик шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Пенсильвания штатындагы колдоочулары менен болгон жолугушууда ок атылган. Эки айдан соң, сентябрь айында Трампка карата дагы кол салуу болгону айтылган.