Израилде акула жеп кеткен жаран боюнча маалымат айтылды

Израилде акуланын кол салуусунун курмандыгы болгон туристтин сөөгү табылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Өлкөнүн полициясы Жер ортолук деңизинин жээгинде акула кол салган жерден табылган сөөктөр жоголгон кишинин сөөгүнө дал келгенин билдирди. Маркум 40 жаштагы Барак Цах, төрт баланын атасы экендиги кошумчаланган. Ал акулаларга тамак берүү үчүн эмес, аларды сүрөткө тартуу үчүн жанына сүзүп баргандыгы белгилүү болду.

Айта кетсек, буга чейин Хадера аймагындагы суу жээгинде акула кишини жеп кеткендиги айтылып, пляждын айланасы убактылуу жабылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан