Антальянын батыш тарабы Түркиянын эң кооз, эң популярдуу туристтик аймактарынын бири болуп эсептелет. Бул жакта тарых, жаратылыш жана эс алуу маданияты өзгөчө бир гармонияны жаратат. Батыш Антальяга саякаттаган туристтер бир эле учурда күнгө күйүп, тарыхый шаарларды кыдырып, деңизде дайвинг жасап, тоолордо жөө басып, элестетүү мүмкүн болбогон кооздуктарды өз көзү менен көрө алышат.
Чыгыш тарабына караганда бул аймак тоолорго, токойлорго, жаратылышка бай. Мурунку чыгарылышта чыгыш Антальяга кеңири токтолуп, өзгөчөлүктөрү жана туристтик жайлары тууралуу баяндап бергенмин. Эми Антальянын батыш тарабындагы туристтик жайларына токтоло кетейин.
Кемер - Жер Ортолук деңиздин жээгиндеги, пляж эс алуусу жана тоого чыгып эс алууну айкалыштырган район. Чыгыш тарабындагы пляждарга салыштармалуу жээктери таштуу, бирок, суусу тунук, таза. Торос тоолору, жашыл токойлору Кемерге көрк берип, башка аймактардан өзгөчөлөнтүп турат. Бул район дал ушул тоолору болгон үчүн абасы таза, жайкысын салкын болуп турат.
Кемердеги негизги көрүүчү жайлар:
Йөрүк парк - түрк көчмөндөрүнүн жашоосун көргөзгөн этнографиялык ачык музей.
Мунлайт паркы жана пляжы - жандуу музыка, кооз атмосфера тартуулоочу пляж, кафелер жана оюн-зоок зоналары менен.
Фаселис урандылары - байыркы Ликия цивилизациясына таандык археологиялык эстелик. Бул жерде деңиз менен бирге антикалык театр, рим мончосу, жолдор сакталган. Нечендеген жылдар, кылымдарды көрүп, тарыхка күбө болгон 3 табигый порту бар. Пикник жана сүзүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Тынчтыкты сүйгөндөр үчүн эң сонун чечим.
Базар жана түнкү жашоо - Этно-базарлар, кафе-ресторандар жана жандуу музыка барлары менен белгилүү.
Текирова – тынчтыкты сүйгөндөр үчүн.
Кемердин жанында жайгашкан Текирова - табигый кооздугу жана люкс мейманканалары менен айырмаланат. Бул жерде Олимпос тоо улуттук паркы башталат.
Олимпос - Антальянын батыш жээгиндеги эң белгилүү асма жол - бул "Olympos Teleferik" же Тахталы тоосуна чыгуучу асма жолу. Ал Түркиянын эң узун жана эң бийик тоого чыкчу канат жолу болуп саналат. Бул жерге барган туристтер үчүн унутулгус тажрыйба тартуулайт. Тахталы тоосунун бийиктиги - 2 365 метр, асма жолунун узундугу - 4 350 метр, бир тараптуу көтөрүлүү убактысы - 10 мүнөт.
Бул жакта аба ырайы тынч болсо, жогору жактан деңиз, тоо, токой жана Анталья жээги толугу менен көрүнөт. Тоонун чокусундагы аянтчада - кафе-ресторан, сүрөткө түшө турган панорамалык аянтчалар, параглайдинг (асмандан учуу) кызматы бар.
Ошондой эле, Торос тоолоруна жип менен же квадроцикл менен чыгып саякаттоого да толугу менен мүмкүн.
Улуттук парктар жана тоолор:
Каш - Антальянын батышында, Фетхие шаарына жакын. Ал чоң туристтик шаарлардан алыс болгондуктан, баш аламандыктан чарчаган саякатчылар үчүн идеалдуу жай. Жээги бийик аскалардан, жашыруун кумдуу жээктерден жана корголгон табигый булуңдардан турат.
Каш байыркы Антифеллос шаарынын урандыларынын үстүндө курулган. Бул жерде ликийлерге, римдиктерге жана византиялыктарга таандык археологиялык эстеликтер табылган. Шаар ичинде Ликия мүрзөсү, амфитеатр жана антика доорундагы таш көчөлөр бар.
Каш табигый кооздуктарга бай:
Каш - Түркиянын эн мыкты дайвинг борборлорунун бири. Бул жерде таза суулар, коралл рифтери, суу астындагы үңкүрлөр жана байыркы кеме калдыктары бар. Жаңы үйрөнүп жаткандар үчүн да, тажрыйбалуу суучулдар үчүн да ылайыктуу.
Экскурсиялар:
Каш - бул туристтик ызы-чуу эмес, жан дүйнөңө тынчтык тартуулаган жээктеги жашыруун бейиш. Табият, тарых жана жергиликтүү маданият жуурулушкан бул жер саякатчыга кооздукту гана эмес, жашоону баалоону да үйрөтөт.
Облустун чыгышында да, батышында да, дээрлик бардык аймагында дайвинг менен алектенүүгө болот. Дайвинг аркылуу суу алдындагы жашоого саякат жасап, деңиз жаныбарлары менен жакындан таанышып, сүйүктүү мультфильм каарманы болгон суу перисинин "вайбын" сезүүгө болот.
Антальяга барганда түрк ашканасынын даамын татпай коюу мүмкүн эмес. Бул жерде кебаптар, деңиз азыктары, зайтун майы кошулган салаттар, түрдүү мезгилдик жашылча тамактары, түрк таттууларынан баклава, тулумба татлысы, шекерпаре, түрк балмуздактарынан Мараш, кесип жеген балмуздак жана башка даамдарды сөзсүз татып көрүүнү сунуштайм. Өзгөчө симит менен чай алып деңиз жээгинде чардактарга симиттен ооз тийгизгенче узак убакыт сейилдөөнү аябай сунуштайм. Жайкысын кечинде жээктеги ресторанда отуруп, күн батышын карап отурсаңыз - бул унутулгус сезим!
Ошондой эле жергиликтүү базарларда жаңы мөмө-жемиштерди, таттууларды жана кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып алууга болот.
Жыйынтыктап айтканда, Анталья - Түркиянын жүрөгү. Бул шаарда ар ким өзүнө жаккан багытын табат. Кээ бирлери үчүн бул - тарых, экинчиси үчүн - күнгө күйүү, деңиз жана жайкы эс алуу, үчүнчүсү үчүн - адреналин менен табигый пейзаждар. Сиз бул жакка барганыңызда бир гана элестер эмес, жан дүйнөңүздө да жарык из калат.