Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Польшада өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open 2026” эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.
Балбан 67 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшүнөн күч сынашып, финалда Норвегиядан келген Ховард Йёргенсенди жеңди.
Буга чейин балбан Асан Жанышов 87 килограмм салмакта күч сынашып, алтын медаль уткан.
Эскерте кетсек, Польшадагы мелдеш 30-августка чейин уланат. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын атынан 9 грек-рим күрөшчүсү, кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 балбан кыз кеткен.
Видео: sportskyrgyzstan