АКШнын президенти Дональд Трамп Атлантика же Тынч океанынын атын өзгөртүүнү сунуштады.
"Эгер ойлонуп көрсөңөр, бизде булуң жана көл бар. Эми бизге океан керек. Ошондуктан, Атлантика же Тынч океанынын атын өзгөртүүгө туура келиши мүмкүн. Балким, биз алардын атын өзгөртөбүз", - деди Трамп Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Белгилей кетсек, Трамп 25-августта Канада менен АКШнын чек арасындагы Онтарио көлүнүн атын Америка деп өзгөртүү чечимин кабыл алган. Буга чейин АКШнын президенти Мексика булуңун Америка булуңу деп өзгөртүүнү буйрук кылган.