Жалпы 631: Өлкөдө дагы 19 жарандан коронавирус аныкталды. Анын көбү Бишкектин тургундары.
Сутка ичинде 5 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алардын жалпы саны 162ге жетти.
23-апрелге карата 48 бейтап коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылды.
45 медициналык кызматкер коронавирустан айыгып чыкты.
Түркиядан келген мекендештердин айрымдарынан коронавирус аныкталды.
Нарын облусуна көчмө лаборатория келди. Мындан ары анализдер Бишкекке ташылбайт.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди тууралуу окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.