Маданият министрлиги опера жана балет театрынын сахнасындагы майрамдык банкеттен кийин мекеменин директорун кызматтан алуу сунушун өкмөткө жиберди

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору Тимур Саламатовду кызматтан алуу сунушун өкмөткө жиберди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Канышай Бешбаева бүгүн, 26-мартта SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, мындай сунушту жиберүүгө коомчулукта чоң талкуу жараткан аталган театрдын сахнасында уюштурулган майрамдык кече себеп болгон. 

Эске салсак, 23-мартта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында майрамдык банкет уюштурулган. Анда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана ишкерлер өздүк майрамын белгилөө максатында банкет өткөрүшкөн. Банкеттеги дасторкондо 20га жакын адам болгон. Аларды атайын тейлөө персоналы тейлеп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан