Москвада метронун "Красносельская" станциясында рельстерге кулап түшкөн аялды куткарып калган кыргыз жараны Марат Исаев дарегине жылуу сөздөрдү, мактоо сөздөрүн дагы да болсо алып жатат. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин ага жолугуп, ыраазычылык билдирүү ниети бар экенин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бейтааныш адамга жардам берүү үчүн коркпой туруп бой урган адамдар - баатырлар",- деп жазат Москва мэри.
Марат бул жасаганын эрдик деп эсептебей турганын, эч кимден эч кандай сыйлык сурабасын SUPER.KG порталына айтып берген эле.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев эрдик жасаган Марат Исаевди сыйлоо боюнча чечим чыгарган.