Ырчы Дайыр Исмадияров Ош шаарында үйлөнүү тоюн өткөрдү (фото)

Кечээ, 25-сентябрда ырчы Дайыр Исмадияров үйлөнүү тоюн Ош шаарындагы кафелердин биринде өткөрдү. Үлпөт тойго кыргыз шоу дүйнөсүндөгү көптөгөн ырчылар катышкан.

"Той абдан жакшы өттү. Мен чакырган жакын сахналаш досторумдун баары келип, кубанычымды тең бөлүштү, андыктан аларга да ыраазычылык билдирем. Ал эми тойго катышпай калгандар таарынбасын дейт элем, алдыда дагы көп жакшылыктар бар. Тойдо коноктор, сахналаш досторум куттуктоо сөздөрүн айтып, ыр десте тартуулап жатышты. Той түнкү саат бир жарымда аяктады. Ошондо да атайын даярдалган "Love story" ("Сүйүү баянын") көрсөтүүгө жетишкен жокпуз", - дейт
Д.Исмадияров.

Эскерте кетсек, Дайыр Исмадияровдун ата-энеси жана туугандары 25-июлда сүйлөшкөн кызы Жанарага сөйкө салышкан. Ал эми 31-августта ырчы сүйүктүү кызынын кыз узатуу тоюнда концерт өткөргөнү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ssamat
2016-09-26 10:55:23
Зор
+2
gora
2016-09-26 10:55:25
бактылуу болушсун
+4
Musabaeva.
2016-09-26 11:01:55
Бактылуулук каалайм!
+3
chyngyz-40
2016-09-26 11:26:45
кайра кайра эле той кыла береби
+3
tulpar90
2016-09-26 11:35:42
Той күн сонун
0
jalgyz.sen
2016-09-26 12:47:04
Бактылуу болгула
0
jalgyz.sen
2016-09-26 12:47:31
Бактылуу болгула
0
Samatovich
2016-09-26 13:11:00
Бактылуу болсун эки жаш.
0
muratkg
2016-09-26 13:19:34
Бактылуу болуп,кооп балалуу болгула.
0
altynka95
2016-09-26 15:26:02
Ресторанда болду окшойт тою
+2
kalima88
2016-09-26 16:09:38
Бактылуу болгула!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан