MC_Doncha деген каймана ысым менен белгилүү болгон вайнер Данияр Токтомамбетов атактуу орусиялык рэп аткаруучу Jah Khalib менен жолугушту. Интернетте тараган видеодо алардын студияда "слёзы текли вверх" деген саптары бар ырды чогуу аткарып жатышканын көрүүгө болот.
Жолугушуу Jah Khalib`дин Бишкекке болгон сапарынын алкагында орун алган. Буга чейин ал Токтомамбетовдун интернетте хит болгон видеолору менен бөлүшкөн.
Кошумчалай кетсек, Инстаграм, Facebook социалдык тармактарында mc_doncha аттуу кыргыз жигитинин рэп аткарганы популярдуу болгон. Тимати, Кети Топурия, Михаил Галустян сыяктуу жылдыздар катталып, видеолорун бөлүшкөн.