Назарыңыздарга 9-декабрда өтө турган "Супер концертке" арналып жазылган дагы бир дуэт чыгарманы тартуулайбыз. Белгилүү "Роза гүлү" ырын Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева менен Данияр Эрматов аткарышмакчы. Айчүрөк Иманалиева чыгарма 30 жылга чукул убакыттан бери популярдуулугун жоготпой келе жатканын, бардык муундагылар сүйүп угарын айтат.
"Роза гүлү" ыры менен элге таанылдым. Албетте, дагы эле популярдуу экени мени кубандырат. Улуу, орто, жаш муун сүйүп уккан чыгармаларымдын бири. Сиздердин сунушуңуздар менен Данияр Эрматов экөөбүз аткаралы деп турабыз. Аябай жакшы даярданып жатабыз деп ойлойм. Буюрса, 9-декабрда күйөрмандарыбызга тартуулайбыз", - деди А.Иманалиева.
Ал эми Данияр Эрматов бул ырды кичинекей кезинен бери угуп жүргөндүктөн, ырдоо кыйын болбогонун айтат.
"Учурда концертке даярданып жатабыз. Кичинекей кезимден бери бул ырды угуп жүргөндүктөн, ырдоо кыйын болгон жок. Жадакалса ырдын сөздөрүн жатка билет экенмин".
Белгилей кетсек, 3 күндөн кийин көпчүлүк күткөн "Супер концерт" өтөт. Учурда концертке карата кызуу даярдыктар жүрүп, ырчылар атайын дуэттерди жаздырып жатышат.