Сокулук районунун акими: "Жүрөгү ооруп каза болгон Арзымамат Ташматовдун үй-бүлөсү 250 миң сом жардам алат"

Учак кырсыгынан кийин жүрөгү ооруп каза болгон Арзымамат Ташматовдун үй-бүлөсүнө 250 миң сом жардам берилет. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына Сокулук районунун акими Болот Сатыкеев билдирди.

"Ташматовдордун үй-бүлөсү боюнча маалыматым бар. Алар бийликтин ар кайсы бутактарына арыз менен кайрылып жатышат. Бул үй-бүлөнү жабыркагандарга жардам берүүдө түзүлгөн комиссия карап 3-топко бөлгөн. Аларга 250 миң сомдон акча берилет. Бирок Ташматов учак кулагандан кийин тирүү жүргөн, ал кырсыктан кийин каза болуп жатат. Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Арзымамат Ташматовдун качан, кантип каза болгондугу боюнча тактамасы да бар. Мындай учурлар көп болуп жатат", - деп билдирди Сокулук районунун акими Сатыкеев.

Ал эми Новопавловка айыл аймагынын башчысы бул үй-бүлөнүн даттануусун комиссияга бергенин айтты.

"Жабыркагандарга жардам берилеби же берилбейби мен жалгыз чечпейм. Аны өкмөттүн ар кайсы кызматтарынан түзүлгөн комиссия карап чечет. Комиссиянын курамына кырсыктан жаракат алгандар, жакындарын жоготкондор да кирген. Учурда бул үй-бүлө эле эмес башкалар да такталып каралууда. Ал эми жеке тараптардан, коомдук эмес уюмдардан берилген жардамдар Бүзуура Тагаевага берилип жатабы билбейм. Бул маселе боюнча мен эч нерсе айта албайм", - деди Новопавловка айыл аймагынын башчысы Улан Саадалиев.

"Комиссиянын Бүзуура Тагаеванын үй-бүлөсүн жабыркагандардын 3-тобуна киргизгенине биз макул эмеспиз. Анткени адам өмүрү кыйылып жатат. Үчүнчү топко учак кырсыгынан мал мүлкү, короо-сарайлары жабыр тарткандар кирген", - дейт жабырлануучунун жактоочусу Нүргүл Усенова.

Эске салсак, бүгүн маалымат жыйында Бүзуура Тагаева менен кызы Гүлшайыр Арзымамат кызы жабыркагандардын тизмесине киргизүүнү суранып, үйсүз калганын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан