Курулуш башкармалыгынын дачаларындагы учак кырсыгынан кийин жүрөк оорусунан каза болгон Арзымамат Ташматовдун үйүнө анын жубайынын тиешеси жок экенин бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына маркумдун бир тууганы Гүлнара Ташматова кабарлады.
"Буга чейин Бүзуура Тагаеванын берген маалыматтары калп. Ал акыркы 10 жылдан бери агам менен чогуу жашабай жүргөн. Алардын нике күбөлүгү кыркылганы же кыркылбаганын билбейм. Бирок экөөнүн чогуу жашабай жүргөнүн айылдагы кошуна, туугандардын баары билет. Ал 10 жыл мурда "иштеп келем" деп Бишкекке кетип, ошол бойдон кайрылып келген эмес. Кийин 3 баласын да кошо алып кетип калган. Биз жеңебиздин кантип жашап, кандай жолдо жүргөнүн билебиз. Анын жалган маалымат бергенин угуп, ызаландык. Ал кырсыктан пайдаланып үй алып калуу аракетин көрүп жатат", - дейт Гүлнара Ташматова.
Гүлнара Ташматованын маалыматына ылайык, Араван районунун Гүлбар айылында маркум Арзымамат Ташматовдун үйү бар, ал үйдү алардын атасы салган. Маркумдун туугандары үйдү Арзымамат Ташматовдун уулуна өткөрүп берүүнү каалашат.
"Жеңебиз айткандай, 500 миң сом өлчөмдөгү жардамды алган эмеспиз. Биз Муфтияттан берилген каражатты агамды жерге берүү зыйнаты үчүн колдонгонбуз. Кыргызда "өлгөндөн коркпо, көмгөндөн корк" деген сөз бар. Биз жерге берүү каадасын аткардык. Андан соң кыркылыгын өткөрдүк. Ошондой учурда жеңебиз келип койгон жок. Аны келтирбей койду деген маалымат да калп", - деп кошумчалады Арзымамат Ташматовдун бир тууганы Гүлнара Ташматова.
Эске салсак, буга чейин Бүзуура Тагаева "күйөөмдүн туугандары айылдагы үйүбүздү өздөрүнө каттатып, жардамдын баарын алып жатышат" деп маалымат берген.
Учак кырсыгынан каза болгон Арзымамат Ташматов менен Бүзуура Тагаеванын 2 кызы, 1 уулу бар. Балдарынын кенжеси 16да, улуусу 22 жашта.