Футбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Азамат Байматов менен жарым коргоочу Ислам Шамшиев Азия Кубогуна тандап алуу оюнунун алкагында Индия менен болгон беттешке катыша алышпайт.
Футбол федерациясы билдиргендей, Ислам Шамшиевге 8-июнда операция жасалып, сокур ичегисин алдыртса, команданын капитаны Азамат Байматов машыгуу учурунда алган жаракатынан толук айыга алган эмес.
Эске салсак, буга чейин улуттук курамга машыктыруучу Александр Крестинин өзгөртүү киргизип, машыгуу учурунда алган жаракатынан улам коргоочу Валерий Кичиндин ордуна “Алай” футбол клубунун коргоочусу Акрам Умаровду чакырган.
Эске салсак, Кыргыз футболчулары Индия менен конокто 13-июнда кез келет. Улуттук курам кечээ, 10-июнда Индиянын Бангалор шаарына сапар тартышкан.