Социалдык тармактарда Астана шаарында өтө турган көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз курама командасынын мыкты оюнчуларынын бири Манас Ниязов барбай турганы талкууланууда.
Социалдык баракчалардын биринде "Казакстандын көк-пару (кыргызча көк бөрү) федерациясы Манас Ниязовго Астанага келүүсүнө тыюу салып, ал барса улуттук курама команда толугу менен оюндан четтетилерин билдирди" деп жазылат.
Ал эми Манас Ниязов SUPER.KG порталына учурда Кыргыз өлкөсүнүн көк бөрү боюнча курама командасы менен бирге окуу-машыгуу жыйындарында жүргөнүн айтты.
"Азыр окуу-машыгуу жыйындарында жүрөбүз, даярдык жакшы болуп жатат, бирок Казакстанга барарым же барбасым тууралуу маселе учурда чечиле элек" деди Манас Ниязов.
Көк бөрү федерациясы бул маселе тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
Эске салсак, Казакстандын Астана шаарында 20-28-август аралыгында көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Анда Кыргыз курама командасы "А" тайпасында ойноп, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, АКШ курамалары менен беттешет.