Парламент Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндө эки тараптуу келишимди жактырды

Бүгүн, 28-сентябрда парламент Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө эки тараптуу келишимди ратификациялады.

Жогорку Кеңеш “Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун жабык эшик артында карады. Депутаттар бул мыйзам долбоорду экинчи жана үчүнчү окууда жактырышты.

Эске салсак, 21-31-августта Кыргыз-Өзбек чек ара аймактарын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтору адегенде Бишкек шаарында, андан кийин Ташкент шаарында жолугушуп, чек ара аймактарын тактоо маселелери каралган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпы чек ара тилкесинин басымдуу бөлүгү такталып, 5-сентябрда эки тараптуу келишимге кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан