Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Макулдашуунун максаты Кыргыз-Өзбек ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын аныктоо жана тактоо болуп саналат.
Эске салсак, 28-сентябрда аталган мыйзам парламентте ратификацияланган. 21-31-августта Кыргыз-Өзбек чек арасы аймактарын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтору адегенде Бишкек шаарында, андан кийин Ташкент шаарында жолугушуп, чек ара аймактарын тактоо маселелери каралган.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпы чек ара тилкесинин басымдуу бөлүгү такталып, 5-сентябрда эки тараптуу келишимге кол коюлган.