Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБди жаңылоодо кетирилген кемчиликти атады

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБди жаңылоодо кетирилген кемчиликти атады. Бул тууралуу Сатыбалдиев бүгүн, 11-апрелде Бишкек ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Ал кемчилик катары кадр маселесин атап, жогорку кызматтагы адамдардын туруктуулугу болбой жатканын байланыштырды.

"Сүйлөшүүлөр жакшы даярдык менен келген. "Электр станциялары" ишканасы карап, андан соң министрликтен өтүп, кийин мекемелер аралык комиссия келишимди караган. Келишимде маселе жок болчу. ЖЭБди жаңылоодогу кемчиликти атайын. Баарыбыздын кемчилигибиз жетекчилердин тез-тез алмашышы болду. Мен өкмөттөн 26-мартта 2014-жылы кеттим. ЖЭБдин курулушу боюнча келишим андан кийин кабыл алынды. Кийин курулушту көзөмөлдөөчүлөр башкалар болуп калды. Энергетиканы энергетиктер башкарбай калды. Андан кийин канча жетекчи алмашты. "Электр станциялары" ишканасынан курулушту бир жетекчи баштап, бешинчи жетекчи аягына чыгарды", - деди Сатыбалдиев.

Сатыбалдиев ТЭЦ боюнча сүйлөдү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан