20-мартта КСДП фракциясы чукул жыйынга чогулду. Жыйын жабык эшик артында өттү.
КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов жыйында партиянын курултайы тууралуу сөз болгонун журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, курултай 31-мартта Бишкек шаарында өтөт. Ал эми курултайдын күн тартиби тууралуу азырынча маалымат беришпей турганын кошумчалады.
Фракция лидери Иса Өмүркулов: "Жыйында курултайды өткөрүүнүн жол-жобосу тууралуу талкууладык. Күн тартиби боюнча кийин маалымат беребиз", - деди.
Эске салсак, буга чейин курултай 31-мартта өтө турганы боюнча SUPER. KG' ге партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов билдирген. Депутат Рыскелди Момбеков партиянын саясий кеңешинин төрагалык кызматына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги карала турганын айткан.