"Ош шаарында 20 миң сомго бааланган ымыркайды туугандары алуудан баш тартты", - деп 27-мартта Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, бала Ош шаарындагы үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна берилген, борбордун кызматкерлери ымыркайды алты айга чейин карашат. Анын саламаттыгы жакшы.
"Баланы таенеси сатканы маалым болду. Ымыркай кыздын төрөлгөнүнө 11 күн болуптур. Апасы Өзгөн районунун тургуну экен. Ал менен сүйлөшкөнүбүздө баланы багууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты. Бул маселе менен ымыркайдын энесинин эжесине кайрылсак, өзүнүн балдары бар экенин, дагы бир баланы бага албай турганын айтты. Ушундай эле жоопту көз жарган келиндин сиңдисинен да уктук. Бала толук кандуу үй-бүлөдө төрөлгөн эмес деген божомолдор бар, анткени анын атасы тууралуу такыр маалымат жок.
Учурда көз жарган келиндин башка жакын туугандары менен байланышып, сүйлөшүү аракеттери жүрүп жатат. Эгер жакындарынын баары аны багып алуудан баш тартса, ымыркай соттун чечими менен асырап алууну каалаган үй-бүлөлөргө берилет", - деди Раева.
Ал белгилегендей, азыркы тапта ымыркай кыздын таенеси, 59 жаштагы М.Л. убактылуу кармоочу жайда. Буга чейин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ош шаарында небересин 20 миң сомго сатканга шектелип аял кармалганын маалымдаган.