Экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин иши боюнча соттук отурум 6-апрелде болот

Каныбек Осмоналиевдин иши боюнча соттук отурум 6-апрелде болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына экс-депутат өзү билдирди.

"Соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда 6-апрелге белгиленди", - деди Осмоналиев.

Эске салсак, 22-мартта УКМК Каныбек Осмоналиев Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизгендиги үчүн 27 студенттен 14 миң доллар алган факт тергөөнүн жүрүшүндө аныкталып, "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун, тергөө аягына чыгып, сотко өткөрүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирген.

Каныбек Осмоналиев бул ишти өзүнө карата саясий куугунтук деп баалап, учурунда бул иш боюнча 15 адамга кылмыш иши козголгонун, учурда аларга "дооматыбыз жок" деп жалгыз өзүнө гана иш кайра ачылганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан