Белгилүү мушкер Конор Макгрегор камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү UFC 223түн катышуучулары 8-апрелде орун алчу мелдештин алдында маалымат жыйынга катышып, кайра кетип бараткан автобуска Макгрегор достору менен кол салган. Мушкер автобустун бир терезесин талкалап койсо, досу экинчи терезесин сындырган.
Атактуу мушкердин жасаган иш-аракетинен автобустун ичинде бараткан америкалык мушкер Майкл Кьеза жаракат алган. Окуядан соң 6-апрелде Макгрегор камакка алынган. Азыркы тапта мушкерге кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Соттун чечими чыкканга чейин Конор Макгрегор 50 миллион доллар күрөө акчасын төлөгөнүнө байланыштуу, сот иши каралганга чейин ал эркиндикте болмокчу.
Орун алган кол салуудан улам, алдыда боло турган 3 беттеш жылдырылган. Алар:
Майкл Кьеза - Энтони Пэттис;
Рэй Борг - Брэндон Морено;
Артём Лобов - Алекс Касерес.