Бүгүн, 8-майда Армения парламенти өлкөнүн өкмөт башчылыгына Никол Пашиняндын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Пашинянды 59 депутат колдоп, 42 депутат "каршы" добуш берди.
Эске салсак, өткөн аптада премьерликке көрсөтүлгөн Пашинян парламенттеги көпчүлүк добушка ээ боло албагандыктан өкмөт башчылыкка шайлана алган эмес. Анын талапкерлигине 45 депутат "макул", 55 депутат "каршы" добуш берген эле.
Апрель айынын ортолорунан тартып Арменияда массалык толкундоолор башталган. Толкуган элдин талабы 10 жыл президент болгон Серж Саргсянды жана анын "Республика" партиясын бийликтен кетирүү эле. 2-президенттик мөөнөтү аяктаган Саргсян премьерликке шайланып, бир нече күндөн кийин отставкага кеткен.
Буга байланыштуу 1-майда парламентте премьер-министрликке шайлоо болуп, оппозициядан талапкер болгон Пашинян жетиштүү добуш жыйнай алган жок. Армения мыйзамына ылайык, эгер бул ирет да премьер шайланбай калганда парламент тарап, кезексиз депутаттык шайлоо болмок.