АКШдан саясий башпаанек сурап, жубайы менен чек арадан кармалган жарандык активист Ренат Самудинов 30-июнда социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады.
Кайрылууда алар миграциялык лагерде 8 ай жашап, ал жактагы соттон утуп чыкканын жана легалдуу түрдө Американын Чикаго шаарында жубайы экөө жашап жатканын айтты.
"Биз азыркы учурда АКШнын Чикаго шаарындабыз. Сиздердин "эмне себептен шашылыш түрдө Кыргыз жеринен чыгып кетти?" деген сурооңуздарга кыскача түшүндүрмө берейин деп чечтим. Мен 13 жылдан бери саясий майданда Кыргыз мамлекетинде демократияны өнүктүрүү максатында ар дайым өз салымымды кошуп келчүмүн. Ошондой эле менин келинчегим да ар кандай коррупциялык схемалардын жүзүн ачып, коомчулукта чуулгандуу репортаждарды жасап келген. Акыркы убакта биздин үй-бүлөгө карата коркутуу-үркүтүүлөр болуп жатты. Эң негизги коркутуу Фарид Ниязовдун жана Данияр Аттокуровдун тарабынан болду. Өзгөчө коркутуулар Фарид Ниязовдун телефон чалуусунан кийин күчөгөн. Бул коркутуулардын аягы менин келинчегиме кол салуу аракетине чейин жетти. Буга чейин мага да кол салуулар болгондо мен жеңил кабыл алгам. Бирок менин үй-бүлөмө акыркы кол салуу болгондон кийин өлкөдөн чыгып кетүүнү туура көрдүк. Негизи Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетүү оюма да келген эмес. Биз өлкөдөн чыкканда Мексика аркылуу АКШга келдик. Чек арадан АКШ мамлекетинен жардам сурадык. Миграциялык лагерде 8 ай жашадык. Ал жерде жүргөндө сот процесстери болуп, акыры биз утуп чыктык. Бүгүнкү күндө биз легалдуу түрдө АКШда жашап жатабыз. Бизге колдоо көрсөткөндөргө рахмат", - деди кайрылууда Ренат Самудинов.
Айта кетсек, буга чейин Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырованын Америкага кирүү үчүн визасы жок болгондуктан кармалганы маалым болгон. Белгилүү болгондой, кармалгандан кийин алар АКШдан саясий башпаанек сураган.
Учурда жарандык активист Ренат Самудиновдун кайрылуусу боюнча экинчи тарап менен байланышуу аракети болууда.