Бүгүн, 4-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Мээрбек Мискенбаев боюнча билдирүү таратты.
Билдирүүнүн толук тексти:
"Ушул жылдын 3-июлунда жергиликтүү маалыматтык порталында "Мискенбаев: Мага карата козголгон кылмыш иши – бул саясий куугунтук" деген аталышта макала жарыяланган.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (мындан ары - ЭККМК) Мээрбек Мискенбаевдин бул жеке ою, объективдүү чындыкка туура келбей тургандыгын билдирет, анткени алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий сыр жок. Бул иш боюнча "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлү М.Алыйкулова арызданган. "Айкөл Ала-Тоонун" мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын аталган коомдук бирикменин жетекчиси мыйзамсыз ыйгарып алгандыгы жөнүндө биринчи арыз 2016-жылдын июнь айында эле түшкөн, бирок белгисиз себептер менен кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
Аталган жаран ушундай эле арыз менен республиканын укук коргоо органдарына 2016-жылы да кайрылгандыгын белгилеп өтсөк, ал кылмыш ишинин материалына бириктирилген. Ушул жылдын июнунда жаран М.Алыйкулова кайрадан ЭККМКга арыз менен кайрылгандыктан, баш тартуу материалы жокко чыгарылып, кылмыш иши козголду.
Президенттин тиешелүү жарлыгынын жана Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу үчүн артыкчылыктуу түрдө мурун кыскартылган кылмыш иштерди, ошондой эле кызматтык, анын ичинде коррупцияга, мамлекеттик жана/же башка муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштар боюнча кылмыш иштерди козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимдерин текшерүү иштери жүрүп жатат, натыйжада азыркы убакта бир катар кылмыш иштери кайра жаңыланып, кайра кароо үчүн бир нече баш тартуу материалдар жокко чыгарылды", - деп айтылат кайрылууда.
Эске салсак, 2-июлда Мискенбаевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев: "Учурда Мээрбек Мискенбаевге айыбы угузула элек жана кылмыш иши козголгон токтом өзүнө да, мага да тааныштырыла элек. Мен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүсү менен сүйлөштүм, ал бул иш боюнча эч кимге эч кандай маалымат бербегенин айтты", - деген эле. Ошол мезгилде ЭККМК экс-депутат Мээрбек Мискенбаевге кылмыш иши козголгону же козголбогону боюнча маалымат берип, "Биз бул маалыматты четке да какпайбыз жана кылмыш иши козголгон деп да айта албайбыз", - деген.
Мискенбаев бул иш өзүнө карата саясий куугунтук экенин билдирип, "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын" деген сөздү айтканымдан кийин башталды" деп айткан.