Прокурор экс-депутат Каныбек Осмоналиевди 15 жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына Каныбек Осмоналиев кабарлады.
Анын айтымында, соттук отурум кечээ, 12-октябрда Биринчи Май райондук сотто өткөн. Анда тараптардын жарыш сөзү болгон. "Прокурор мени 15 жылга эркимен ажыратууну жана үй-мүлктү конфискациялоону өтүндү. Соттук отурум 15-октябрда уланат", - деди Осмоналиев.
Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизгендиги үчүн "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.