Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37 миллион 500 миң доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Мындай маалыматты "Интерфакс" басылмасы жазды. 16-ноябрдагы соттук отурумда анын баш коргоо чарасы каралды.
"Эки тараптан келтирилген жүйөлөрдү угуп жана тиешелүү материалдарды карап чыгып, сот Маевскийди 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алуу чечимин чыгарды", - деп жазат басылма.
Леонид Маевский ири өлчөмдөгү мүлктү өзүнө ыйгаруу максатында опузалап талап кылуу (Орусия Федерациясынын Жазык кодексинин 163-беренесинин 3-пункту) беренеси менен айыпталууда. Анын күнөөсү далилденсе, Маевский 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Тергөөнүн берген жыйынтыгына таянсак, Маевский ушул жылдын 31-октябрынан 8-ноябрына чейин белгисиз адамдар менен биргеликте жабырлануучулардан 37,5 миллион доллар талап кылып келген. Эгерде жабырлануучу аталган суммадагы акчаны бербесе, аны каралаган маалыматты таратам деп коркуткан. Бул факты боюнча 14-ноябрда кылмыш иши козголуп, 15-ноябрда Маевский колго түшүрүлүп, айыбы угузулган.
Соттук отурум жабык өттү. Экс-депутаттын жактоочусу соттон отурумдун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн жашыруун өтүшүн өтүнгөн. "Мен соттун жабык тартипте өтүшүн каалайм. Анткени мамлекеттин коопсуздугуна да байланыштуу маалыматтар айтылышы мүмкүн", - деген Маевский.
Эске салып өтсөк, Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган.
2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын берген маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.
Леонид Маевский 1999-2003-жылдар аралыгында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын үчүнчү чакырылыштагы депутаты болгон.