2018-жылдын 25-декабрында Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайымдуулук берүү өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.
Учурда президенттик аппарат Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн карап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди.
"Эгер сунуш жеке тараптар тарабынан берилсе эки жумада каралат. Ал эми юридикалык жак тарабынан берилсе бир айдын ичинде каралышы керек", - деди Стамалиева.
Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында соттун чечимдерине кийлигише албастыгын, бирок Текебаев өзү кайрылса ырайым кыла турганын айткан.
Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып 8 жылга эркинен ажыратылган. Анын камалышына негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.