КСДПнын саясий кеңеши Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралуусун колдоду

КСДП партиясынын саясий кеңеши Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров өңдүү саясатчылардын соттук ишин кайра карап чыгууну колдоду. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, партиянын саясий кеңешинин пикиринде жыл башынан тарта күчүнө кирген мыйзамдар көптөгөн кылмыш иштерин кайра карап чыгууга шарт түзөт.

"КСДПнын саясий кеңеши экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 7-апрелдеги митингде айткан, "жаңы жагдайлар пайда болсо абактагы саясатчылардын иши кайрадан каралышы керек" деген пикири менен макулдугун билдирет. Укук коргоо жана сот органдары мыйзамга ылайык, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров сыяктуу жана башка саясатчылардын ишин кайра карап чыгуусу зарыл. Мамлекет алардын саясий позициясынан көз карандысыз, адилеттүү соттук териштирүү жүрүүсүн камсыз кылуусу керек.

Мындан сырткары, партиянын саясий кеңеши ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза кодекси жана башка мыйзамдар көптөгөн кылмыш иштерин кайра карап чыгууга шарт түзөт деп эсептейт", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан