Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы көчмө жыйын өткөрдү. Анда айыл чарба маселеси талкууланганын SUPER.KG'ге фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов кабарлады. Эл өкүлү өкмөт өкүлдөрүнүн берген маалыматына таянып, облуста айыл чарба багыты жакшы нукта өнүгүп жатканын белгиледи.
"Айыл чарба багытындагы продукцияларды кайра иштетүү, фермерлерге насыя берүү, мал өстүрүү багыты кандай шартта экендиги тууралуу маселени талкууладык. Өкмөт өкүлдөрү келип суроо-жооп болуп, жакшы талкуу болду. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары өз сөзүндө Таластагы айыл чарба багытынын өнүгүүсү башка облустарга караганда, биринчиде турганын айтты. Анын ичинде алма өстүрүү, буурчак айдоо, кылкан дандуу өсүмдүктөрдү айдоо, сүт, эт өндүрүү бар. Азыр Канададан кара малдарды алып келип эт алып жатышыптыр. Канададан келген мал биздин малга караганда этти көп берет экен.
Андан кийин билим берүү маселесин да талкууладык. Анда курулушу башталып, бирок бүтпөй турган мектептердин маселеси ортого салынды. Тийиштүү министрликтердин өкүлдөрү жооп берип жатышты. Эми биз бул маселелерди комитетте, андан кийин жалпы жыйында көтөрүп чыгабыз", - деди Шыкмаматов.
Фракция лидери көчмө жыйынга катышкан жергиликтүү тургундар партиянын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев боюнча суроолор менен кайрылышканын кошумчалады.
"Жыйынга катышкан эл "Өмүрбек Текебаев боюнча эмне болду, айткылачы" деп суроо берип жатышты. Мен ал кишинин маселесине кайра кайрыла турганыбызды айттым. "Текебаев чыгышы керек. Анткени ал мыйзамсыз отурат, ак жеринен камалды" деп маалымат бердим", - деди ал.