Орусиялык "MBAND" тобунун ырчысы Артём Пиндюра, Анжелика, бийчи Максат Токтоналиев... Эс алуу үчүн кышкы спорт оюндарын тандаган белгилүүлөр

Орусиялык белгилүү "MBAND" тобунун ырчысы Артём Пиндюра кышкы каникулда Кыргыз өлкөсүнө келип эс алып кетти. Ал Караколдогу тоо-лыжа базасына барып, тоо коюнундагы эс алуусу, андагы сезимдери менен социалдык тармактагы жеке баракчасына бөлүшкөн.

"Тоолордун жакшысы - ал сен бара элек тоо. Каракол! Кереметтүү кооздук. Тоого чыгуу тажрыйбасы бар мырзалар үчүн экен. Мен азырынча ары-бери жүрөм", - деген ал. Артём Пиндюранын билдирүүсүнүн алдына кыргыздар "Эсте каларлык эс алуу болсун, жай мезгилинде Ысык-Көлгө келип кет!" жана башка ушул сыяктуу пикирлерин калтырышкан.

Ырчы жергиликтүү маалымат булактарына маек берип, анда кышкы спорт оюндарына кызыгарын, ошол себептен Караколго келгенин айткан. Белгилей кетсек, "MBAND" тобу 2018-жылы Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата уюштурулган салтанатка келип, чыгармаларын тартуулап кетишкен.

Кышкы спорт оюндарына кызыгып, лыжа, сноуборд тээп эс алгандар ондоп саналат. Алардын арасында кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү дагы жок эмес. Бул жолу кышкы каникулда тоого чыгып, кардан ырахат алган белгилүүлөрдү тизмектеп көрдүк.

Ырчы, алып баруучу, актриса Анжелика жаңы жылдын башталышы менен Казакстандагы "Медеу" бийик тоолуу спорт комплексине кыздары, бир тууган инилери жана "Kids star" тобунун кыздары менен барып келди. Ырчы үй-бүлөлүк эс алуусу жогорку деңгээлде өткөнүн айткан. Ошондой эле лыжа тепкенине 5 жыл болгонун билдирген.

Кыргыз жергесиндеги тоо-лыжа базаларында көңүлдүү, эсте каларлык эс алуу өткөргөндөрдүн бири - тамада, алып баруучу Санжар Мыкыев. Ал тоого чыгармачылыктагы кесиптештери менен барып кышкы спорт оюндарын ойноп келген.

Бийчи Максат Токтоналиев дагы кышкы эс алуу үчүн "Чуңкурчак" тоо-лыжа эс алуу борборун тандаган. Ал лыжа тебүү менен бирге сноуборд тебүүнү үйрөнгөнүн айтып, буларга токтолду. "Лыжа тебүүгө быйыл биринчи жолу бардым. Лыжа тебүү аябай жаккандыктан тез эле өздөштүрүп кеттим. Буюрса, кийинки апта өкүл атам, инилерим менен дагы тоо-лыжа базасына баралы деп жатабыз", - дейт ал.

Ошондой эле тамада, алып баруучу Кубат Кубанычбеков дагы аталган тоо-лыжа борборуна жубайы, достору менен барган. Ал эс алуусундагы сүрөттөрдү күйөрмандары менен бөлүшүп, активдүү жашоо образын тандай турганын билдирген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lukman-Hakim
2019-01-15 17:36:19
Боло турган жаңылыгыңар жокпу???
Же силерде дагы январь айы деп кризиспи???
+5
Aikaaaa
2019-01-15 18:06:44
Мына Анжелика жөнүндө жаңылык жокпу деп аттыңар беле, бар экен
+1
Aiymkunumjyldyzym
2019-01-16 10:54:38
Emi bulardyn es algany bizge emne paida alyp kelet deim daaaaaa,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан