Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Жогорку Сотто дал ушундай чечим окулду.
Бүгүн, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралды. Анда жактоочулар Текебаев менен Чотоновго карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөтүүнү өтүнүштү. Жогорку Соттун коллегиясы жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды.
Тагыраагы, буга чейин Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылды. Жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилди.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.
3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.