Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы бүгүн, 17-декабрда Кытай курамасы менен болгон экинчи жолдоштук беттешинде 2:0 эсебинде жеңилип калды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, алгачкы 45 мүнөттүк убакыт 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктаган. Оюндун экинчи таймында эсепти ачкан кытайлыктар эсептеги артыкчылык алып келген экинчи голду 81-мүнөттө киргизишти.
Кошумчалай кетсек, буга чейинки жолдоштук оюнда Кыргызстан курама командасы 4:0 эсебинде утулууга мажбур болгон.