Дүйнө чемпиондугуна барары айтылган балбан Данияр Көбөнов Кыргызстанга келип, олуттуу машыгууну баштады

Белгилүү балбан, грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарын (2010) уткан Данияр Көбөнов олуттуу машыгууну баштады. Бул тууралуу спортчу SUPER.KG порталы менен болгон маегинде кабарлады. Балбан андан тышкары 2004-жылы Афины Олимпиадасына жана 2012-жылы Лондон Олимпиадасына катышкан. Тилекке каршы, 2 жолкусунда тең байгелүү орунду камсыздай алган эмес. 
"Акыркы катышкан мелдешим "Лондон-2012" Олимпиадасы болду. Олимпиадада ийгиликсиз болуп калган соң Америкада бир топ убакыт өткөрдүм. Ал жакта спорт менен олуттуу деле машыга алган жокмун. Иштеп да жаттым. Азыркы спорттук калыбым мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүн бербейт. Кыргызстанга жакында гана кайтып келип, машыга баштадым. Андыктан февраль айында орун ала турган грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын биринчилигине катыша албайм. Быйыл "Гран-При" мелдештерине, анан Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу Дүйнө чемпиондугуна катышуу пландарымда бар",- деп белгиледи спортчу. 
Кошумчалай кетсек, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев буга чейин SUPER.KG порталына Д.Көбөновдун Дүйнө чемпиондугуна барарын билдирген эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2015-02-09 21:48:05
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан