Бүгүн, 28-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз футболчулары менен Макао футболдук командасынын Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында беттешүүсү өттү. Буга байланыштуу учурда оюнда кыргыз командасына жеңиш алып келген Азамат Байматовдун жана тренери Александр Крестининдин катышуусунда маалымат жыйын өттү.
Эскерте кетсек, беттеште Кыргыз Республикасынын командасы Макаонун футболчуларын 1:0 эсебинде утуп алды.