Буга чейинки макалада 2016-жыл "Тарых жана маданият жылы" деп аталып, мамлекет тарабынан да, кыргыздын уул-кыздары тарабынан да маданият үчүн чоң иштер жасалганын, жыл ичинде кыргыз маданиятында болгон жагымдуу кабарлар, жеңиштер, кино тармагында жаралган ийгиликтерди баяндаган элек. Бул ирет шоу-бизнес өкүлдөрүнүн наристелүү болгону, турмуш жолуна аттанганы жана дүйнөдөн өткөн маданият кызматкерлери тууралуу сөз болот.
НАРИСТЕЛҮҮ БОЛГОН ШОУ-БИЗНЕС ӨКҮЛДӨРҮ
Жыл башында "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов кыздуу болсо, 18-апрелде футбол боюнча улуттук кураманын коргоочусу Дениэл Тего наристе жытын жыттаган. Ошондой эле "Абдыш-Ата" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов, актёр Камчы Сарыбаев, оор атлетчи Иззат Артыков, "Азия Микс" командасынын оюнчусу Эрмек Кененсаров, ырчы Турдакун Ниязалиев, шоумен Бакыт Байсариев кыздуу болушкан.
Ал эми ушул эле жылдын 14-апрелинде ырчы Ильяз Абдыразаков, августта KG Эльмураттын экинчи уулу төрөлсө, "тамашоучулар" Кубанычбек Курманбеков, Эмил Эсеналиев, ырчы Добр тун уулдуу болушкан. Жыл аяктаарда алып баруучу Эрмек Нурбаевдин 4-уулу жарыкка келди.
ТУРМУШ ЖОЛУНА АТТАНГАНДАР
Бул жылы кыргыз шоу дүйнөсүндө көз күйдүргөн бойдок жигиттер, жигиттердин жүрөгүнө чок салган сулуулар өмүрлүк түгөйлөрүн таап, турмуш жолуна аттанышты. Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин тун кызы Айзуура Иманалиева, "Style mix" триосунун ырчысы Илима Дуйшеналиева, президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева, "Кара жорго" бийлеп элге таанылган Асел Касмакунова, белгилүү скрипкачы, ырчы Нурайым Азыкбаева турмушка чыкты.
Ошондой эле белгилүү "Азия Микс" командасынын оюнчулары быйыл жоон тобу менен үйлөнүштү. Алсак, аталган команданын оюнчулары Сергей Душимов, Эрмек Кененсаров, Ростислав Ященко, Бактияр Касымалиев бойдокчулук менен кош айтышты. Ырчылар Дайыр Исмадияров, Гүлжигит Калыков, алып баруучу Нурсултан Майназаров, футбол боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, бишкектик "Дордой" футболдук клубунун оюнчусу Дэвид Теттенин моюнуна каамыт салынган.
ОРДУ ТОЛГУС ЖОГОТУУЛАР
4-февралда Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сооронбай Жусуев дүйнө салды. Эл акыны узакка созулган оорудан улам каза болгон. Март айында Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Сайнабүбү Жунушалиева 7-мартта 80 жаш курагында көз жумган. 25-май күнү белгилүү жазуучу, драматург, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери Талип Ибраимов 76 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн өттү. Ошондой эле июль айында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев каза болгон. Ал эми 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү 49 жашында узакка созулган боор оорусунан улам белгилүү ырчы Нурлан Тилебаев дүйнө салган.