Текебаев сот жыйынына Алмазбек Атамбаевди чакырды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 5-июнда депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иши боюнча сот отуруму өтүүдө.

Жыйында Текебаевдин жактоочулары президент Алмазбек Атамбаевди сот жыйынына кошумча күбө катары чакырууга өтүнүч келтиришти. Өмүрбек Текебаев адвокаттардын сунушун колдой турганын билдирип: "Атамбаев да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Экономика тармагын жетектеген, айрым маселелер боюнча анын пикирин угуу маанилүү", - деди.

Мамлекеттик айыптоочулар башка күбөлөр суралып бүтмөйүнчө президентти чакырууга негиз жоктугун билдиришти.

Соттук отурумга судья Айбек Эрнис уулу төрагалык кылууда.

Депутат Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту 05.06.17
Депутат Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту 05.06.17 (2)
Ө.Текебаев сот отурумунда өз укуктары тууралуу сотко суроо салды
Өмүрбек Текебаев сот отурумун кыргыз тилинде өткөрүүнү талап кылды
Өмүрбек Текебаев: "Укугум чектелип, темир тордо отурам"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан