Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов дале болсо №1-СИЗОдо кармалууда

Депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов дале болсо №1-СИЗОдо кармалууда. Текебаевдин юристтеринин бири Канат Азиздин 18-октябрда SUPER.KG'ге билдиришинче, соттолуучуларды башка абакка которуу маселеси эртең чечилиши мүмкүн. "Биз аларды №47-абакка которуу боюнча кат менен кайрылганбыз. Бул маселе 19-октябрда чечилиши мүмкүн", - деди Канат Азиз.

Ал эми юрист Бишкектин Биринчи Май райондук соту менен шаардык соттун Текебаев менен Чотоновду камакка алуу чечими боюнча Жогорку Сотко кайрыла электигин кошумчалады. "Азырынча Жогорку Сотко кайрыла элекпиз. Бир жылдын аралыгында кайрылууга укуктуубуз", - деди ал.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүмүн чыгарган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Кошумчалай кетсек, соттолуучулардын жактоочулары шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылышарын билдиришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Isco23
2017-10-18 18:56:41
Шайлоо бутту актап чыгарып койгула
+9
Rifle_I
2017-10-18 23:04:40
Isco23,президент алмашканы менен эски эреде калды. Чыкпайт эми .
+2
barsbek.04
2017-10-18 19:19:11
Текебаев баары бир чыгат ал Кыргызстандагы эн кучтуу юрист
+12
Rifle_I
2017-10-18 23:05:06
barsbek.04,бизде билимиңе эмес, таанышыңа карап бут сунуш керек.
+1
Komrad
2017-10-18 19:39:25
Кошумча срок сураганы, 8 жылдан кийин да коркуп атышат, чыгып келип эмне кылып жиберет деп.. Какраз 6 жыл отуп президент кайра алмашып калган учур болот дешип. Бирок ал учур болбой эле койсун, ага чейин жайлайт баарын. Ишенебиз!
+9
alikgz
2017-10-18 21:28:23
Омурбек текебаевдин баштаган жолу менен ошонун киргизген мыйзамдары менен жашап келатабыз....Теке.аев точно кыргыз тарыхында калат ...анын баркын билбейтабыз бул дуйно менен коштошкондо аттин деп каласынар....
+7
Mers124
2017-10-18 21:36:58
Аша сынды которо албайт тура. Элдин баары эле мактап турса дейт тура. Эн жаман сапат. Дагы бир жаман сапаты мандай тескей отуруп бетине айта албайт.
+4
Karban86
2017-10-18 22:03:13
АШАга пардан бербейли, ошондо мардайып кетип чыгарып жибери.
0
NURSAPAR
2017-10-18 22:36:26
Өмүрбек #акам# чыкса баарын жаман кылат
+2
orhideya_15
2017-10-18 22:52:11
Ханды кудай ураарда- өз элине кас болот.
+6
Azatbek83
2017-10-18 23:01:42
Бирок эл баарибир О.Текабаев тарапта болуп жатат!
+3
Azatbek83
2017-10-18 23:03:03
Уят озунун белгилуу уч адамын каматып эмне левый иштери билинип калат деп корктубу уят бийлик!!!
+3
ori
2017-10-19 00:11:31
Жаны бийлик текебаевди актап команданарга кошсонор утук силердики!атамбаевди эркин жетсе оюндан чыгарып сал!кучтуу политик юристерди топтоп алсанар бардык мамлекет менен тил табышып кетебиз
+5
osor
2017-10-19 00:31:13
Текебаевден баардык депутаттар министрлер коркчу ачык соз
+6
osor
2017-10-19 00:32:01
Айтсан соз коп
+3
akylbek57
2017-10-19 06:00:55
Сузо турган теке жок, 120 кой ман болду. "Балп" эттирмелер кобойуп, карапайып элге кыйын болду.
+5
jbolotov
2017-10-19 09:07:01
Текебаевди тимеле суудан таза кылбагыла. Вечный оппозиционер атыккан бул киши убагында мамлекеттин эмес жеке кызыкчылыгынын айынан канчалаган дестабилдуулук болгон. Кочуруп жазган мыйзамы зыянын тийгизип жоопкерчиликти эч ким албай жатат
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан