Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Көрсөтмө берип бүткөн Кыргыздын экс-президенти Роза Отунбаева сотко кайрылып, кошумча 2 мүнөт убакыт сурады. Сот каршылык билдиргенден кийин Отунбаева: "Биз революция кылбасак, сиз азыркыга чейин Каржы полициясында иштеп жүрмөксүз", - деп тарыхты эскертти.
Сот имаратынан сыртка чыккан Отунбаева журналисттерге: "Сотко бийликтен тапшырма берилгени көрүнүп эле турат. Өтүнүч түшкөндөн кийин сот жок дегенде кеӊешүүчү бөлмөгө барып, анан чечимин айтпайбы. Автоматтык түрдө "жок" деп жатат. 2010-жылы революция кылгандар камалып, Бакиевдин тушунда иштегендер өлкөнү башкарууда. Нормалдуу адамдын бул көрүнүшкө жаны ачыйт", - деп билдирди.