Маевскийдин паспортунда 2010-жылы Кыргыз өлкөсүнө келгенин тастыктаган мөөр табылган жок

Бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө жактоочу Чынара Жакупбекова отурумга айыпталуучуларды катыштыруу өтүнүч келтирди. Бирок сот эртең менен айыпталуучулар соттук тартипке баш ийбегени үчүн залдан чыгарылганын айтып, өтүнүчтү канааттандырган жок.

Сот Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүн окуп жаткан учурда жактоочу Чынара Жакупбекова Маевскийдин паспортунда 2010-жылы Кыргыз өлкөсүнө келгенин тастыктаган мөөрдүн бар же жогун карап чыгуусун сурады. Сот Леонид Маевскийдин паспортунун көчүрмөсүн карап чыгып “Мен мөөр бар экенин көрө алган жокмун” деди. Жактоочу Жакупбекова паспортто "Манас" аэропортунун мөөрү жок экенин соттук протоколго киргизүүнү сурады. Сот ага макул болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Liliia
2017-07-28 17:52:12
уят эле
+9
Ananasky
2017-07-28 17:57:08
Олсун ушул сот , каргыш тийсин . Тооктун мээсинче мээси жок бугунку куну менен жашайт экен коркок , АША кеткенден кийинки жооп беришти ойлон .
+9
dosym
2017-07-28 18:53:18
Машина менен өткөн элем деп чыгат эми адамды кашайтып
+4
Almaz.bim
2017-07-28 19:09:58
dosym, Машине менен отобу поезд менен отобу барибир чегарадан откондо посто паспортко штамп басат.
+6
Medina87
2017-07-28 19:12:38
dosym,
Машина менен келген кундо да снк арада басылат эмеспи Кыргызстанга кирди деп.
Саясий Шоу го бул жагы.
+4
RusMos76
2017-07-28 22:46:33
dosym,Моору жок болсо чек араны бузуп киргени учун сот алдында жооп бериш керек!
+2
toktor89
2017-07-28 19:07:47
Азыркы бийлик!, бала бакыранарга эмненер менен мактанасынар? Балдарынар элден сурайт атам президент же министрде иштейт деп. Эл ага наалат каргыш айтса баланар эмне деген ойдо калаар экен. :((((
+4
Almaz.bim
2017-07-28 19:07:50
Значит Атамбайевтердин аласы айрыла баштаганго.Уят бироого гор казсан озун тушосун деген чында.
+5
Liliia
2017-07-28 20:51:10
паспортуму алмаштырган элем деп чыкпаса болду
+3
RusMos76
2017-07-28 22:47:22
Liliia,Пасп алмаштырса Орусиянын архивинде туруш керек
+1
Take_men
2017-07-28 21:36:40
Ушундай фактылар ачыкка чыгат, анан баары башталаат уу-ууу (болду го бул жагы)
+3
Tolkun555
2017-07-28 21:52:22
Мен го Текебаевди колдойм.менин паспортум да россияныкы.кыргызстанга кирип чыкканымда печать баспайт.
0
Musli
2017-07-29 16:17:06
Tolkun555,азыр таможенное союздабыз ошого печат баспайт,2010 жылы печат басчу билип алыңыз билбесеңиз
0
Tolkun555
2017-07-30 10:07:43
Musli,ракмат анда билбейт экенмин.эми билип алдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан