Бүгүн, 11-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Өмүрбек Текебаев сотто жарыш сөзүн улантып жаткан учурда жактоочу Бактыбек Жумашев иш убактысы бүткөнүн негиз кылып, отурумду башка күнгө калтырууну өтүндү. Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова да кесиптешин колдоп бүгүн отурум саат сегиз жарымда башталганын айтты. “Бүгүн сот саат 8:30да башталды. Азыр саат 17:30 болду. Иш убактысы бүттү. Мен кесиптешимди колдойм. Жактоомдогу Текебаев эртеден бери сүйлөп жатат. Мыйзамда төрт сааттан ашык сүйлөөгө болбойт”, - деди.
Ал эми сот Айбек Эрнис уулу: “Бул төрт саат деп чектегидей сурак болгон жок, улантыңыз, эгер токтотсоңуз сизди жарыш сөздөн баш тартты деп эсептейбиз. Керек болсо жарыш сөздү түнкү саат 12ге чейин угабыз”, - деди жактоочуга.
Жыйынтыгында Текебаев жарыш сөзүн улантууга аргасыз болду.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.
Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.