Текебаевдин сотунда Модиндин Текебаевге телефон чалуулары жана алардын жолугушуусу болгону аныкталган жок

Бүгүн, 2-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.

Соттук отурумда орусиялык жаран Леонид Маевскийдин тергөөдөгү көрсөтмөлөрү тартылган видео көрсөтүлдү. Отурумда орусиялык ишкер Алексей Модиндин 2010-жылы колдонгон уюлдук байланыш телефондук картасы көрсөтүлдү. Телефондук картада Модиндин бул убакыттарда кайсы даректерде, кимдер менен байланышканы көрсөтүлгөн.

Айыпталып жаткан Текебаев бул телефондук байланыштар жана Модиндин ошол учурдагы шаарда жүргөнү такыр кесилишпегендигин айтты. “Мен 13-май күнү Өкмөт үйүндө, "Хаят" мейманканасында жана "Ак Кеме" мейманканасында болгом. Бул күндөрү Модин бул жерлерде болгон эмес жана биз менен байланышкан эмес. Бул күнү Модин кайда болгонун көрүп жатасыз”, - деди Текебаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurik11-29
2017-08-02 12:15:28
Ак экени корунуп эле турат!!
+7
muslim87
2017-08-02 12:23:49
Калптын казаны кайнабайт деп кыргыз элим бекеринен айткан эмес. Жапаровдун соту эмне болуп жатат ушул тууралуу да маалымат берип койсоңуздар. Бүгүн бошотулушу керек.
+5
admin_superstan
2017-08-02 14:02:57
muslim87, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Snejana
2017-08-02 12:24:39
Эхх! Келечектеги президент эртерээк чыкса экен. Бирок Кыргызстанда президент болгондон кийин, мультфилимдегидей АЖЫДААРГА айланып кеткени жаман да.
+4
Rifle_I
2017-08-02 13:16:48
Snejana,президент болуп калса өч алмай башталат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан