Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отуруму башталды. Бүгүн аларга карата өкүм чыгары күтүлүүдө.
Учурда Текебаев жарыш сөзүн улантып жатат. Ал 2010-жылдагы тарыхый кырдаал, анда кабыл алынган чечимдер, Убактылуу өкмөттүн түзүлүшү, кадрлардын дайындалышы туурасында айтып берүүдө. Сотко Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянова жана Жанар Акаев келди. Бирок сакчылар депутаттар менен айыпталуучулардын учурашуусуна жол берген жок.
Кечээки отурумда Текебаев өзүн жаман сезип жатканын айтып, кечки тамактанууга убакыт бөлүп берүүнү сурап, жараянды эртеңкиге калтырууну суранган. Бирок сот анын жарыш сөзү бүтмөйүнчө отурумду жабуудан баш тарткан. Текебаев жарыш сөзүн сүйлөп жатып, жүрөгү кармап калып, ага "Тез жардам" кызматы чакырылган. Жактоочунун дарыгерлерге таянып айтканы боюнча, отурумда Текебаевдин кан басымы көтөрүлгөн. "Мындан улам дарыгерлер Текебаев эки күн эс алып, анын тынчын албаш керек экенин айтышты", - деген жактоочу. Мындан тышкары сот Айбек Эрнис уулуна да медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.
Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суроодо.