Бүгүн, 3-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум болууда. Анда айыпталуучулардын жактоочулары Леонид Маевскийди психиатриялык экспертизадан өткөрүү сунушун айтышты.
"Сиз Маевскийдин 700 миң долларын Москвадан Бишкекке ким алып келгенин аныктап берүүдөн баш тарттыңыз. Тергөөдө анын өздүгүн тактоого анонимдүүлүккө кепилдик берилгендиги үчүн ким экендиги белгисиз болуп калган. Эгерде Маевскийдин 700 миң долларын ким алып келгени табышмак болсо, банктагы өздүк эсебинен чегерилген 300 миң доллар накталай акча менен сыртка чыкпаса анда анын акыл-эсин текшерүү үчүн психиатриялык экспертизага жөнөтүүңүздү өтүнөбүз", - деди жактоочу Жумашев.
Бирок сот өтүнүчтү четке какты. Жактоочу Бакыт Жумашев соттон чечимдин көчүрмөсүн берүүнү талап кылды. Сот Айбек Эрнис уулу "азыркы мен окуган чечимде бир аз орфографиялык катачылыктар кетип калыптыр. Отурумдун аягында каталарды оңдоп анан берейин" деди.
Жактоочу болсо "чыгарылган чечимдеги катачылыктар жогорку инстанциядагы соттун чечими менен гана түзөтүлөт. Мыйзамда сиз өз чечимиңизди окуп бүтөр замат бизге көчүрмөсүн беришиңиз керек" деди.