Боронов: "Өзгөчө абал режиминде медицина кызматкерлерине жүрүүгө уруксат берилет"

Бүгүн, 24-мартта өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында Бишкек шаары жана бир катар аймактарга киргизилген өзгөчө абалдын тартиптери тууралуу айтылып жатат.

"Бишкек шаарында 15 санитардык-өткөрмө пункт тургузулду. Комендант сааты маалында көчөдө жарандарга жана унааларга жүрүүгө тыюу салынат. Бирок медицина кызматкерлери жана дарыканада иштегендерге уруксат берилет. Эгер кайсы бир жаран дарыканага барышы керек болсо, ал алдын ала анкета толтурушу керек жана ал баракты жанына алып алуу зарыл", - дейт Боронов.

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 26 адам катталган. Кыргыз өлкөсүндө жалпы 42 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Farm94
2020-03-24 23:54:42
Анкетаны кайдан алса болото экен
+2
admin_portal
2020-03-25 14:12:38
Farm94, өзүңүз жазып алсаңыз болот. Башкысы ошол маалымат толук жазылышы шарт.
0
Farm94
2020-03-24 23:55:19
Super.info ушул жөнүндө маалымат бериңиздерчи
+2
admin_portal
2020-03-25 14:13:16
Farm94, өзүңүз жазып алсаңыз болот. Башкысы ошол маалымат толук жазылышы шарт.
Үлгүсү бул жакта:
https://www.super.kg/kabar/news/300127/
0
Adil18
2020-03-25 11:38:34
Анкета жонундо маалымат берилбей жатат го.
Кимдерден алабыз?
0
admin_portal
2020-03-25 14:13:08
Adil18, өзүңүз жазып алсаңыз болот. Башкысы ошол маалымат толук жазылышы шарт.
Үлгүсү бул жакта:
https://www.super.kg/kabar/news/300127/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан