Орусиянын борбору Москва шаарындагы Большая Ордынка көчөсүндөгү Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин алдына 50гө жакын Кыргыз жарандары өлкөгө кетирүүнү талап кылып чогулушту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чогулгандардын көпчүлүгү акчасы жана жашаганга жери жок экенин айтышкан. Бирок элчилик учурдагы кырдаалга байланыштуу карантинге жабылган. Ал жердеги болуп жаткан окуяны 20га жакын укук коргоо кызматкерлери көзөмөлдөп жатышканы кабарланды.
Буга чейин бүгүн, 12-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жакынкы күндөрү өлкөгө миңге чукул жарандар алынып келерин, анын ичинде Москвадан дагы жарандар келерин айткан.
Коронавирус пандемиясынан улам Орусия 27-марттан баштап башка мамлекеттер менен болгон туруктуу жана чартердик каттамдарды токтоткон.