Өткөн жылдын этегинде ишке киришкен парламентте бир топ депутаттар 4 айга жетпей эле ээлеген кызматтарынан, мандаттарынан кол жуушту. Жогорку Кеңештеги өзгөрүүлөр Камчыбек Ташиев 10-февралда УКМКнын төрагалык кызматынан алынгандан кийин башталды.
Бийлик анын кызматтан алынышына түшүндүрмө берип жатып, мындай чечим президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелеген 75 адамдын кайрылуусунан улам кабыл алынганын билдирди.
Алгач, 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин төрагалыгынан кетти. Ал кызматын өз каалоосу менен тапшырып жатканын белгилеп, "мен бир же эки адамга кызмат кылбайм" деген билдирүү жасады. Деген менен Тургунбек уулу көп узабай эле депутаттык мандатын да тапшырды. Ал мандатын ден соолугуна байланыштуу тапшырып жатканын айтып, 75 адамдын кайрылуусуна тиешеси жоктугун билдирди. Бирок Тургунбек уулунун жообуна карабай, аны саясий абалдын жаралышына айыптагандар да болду. Президент болсо, катка анын түз тиешеси жоктугун айтып, бирок кыйыр түрдө болушу мүмкүндүгүн кыйытты.
Баса, Тургунбек уулунун төрагалык ордуна Марлен Маматалиев келсе, депутаттык мандатын Жайлообай Нышанов алды.
Мурдагы спикерди улай анын 2 орун басары да кызматтарын тапшырып беришти. Алардын бири биринчи вице-сикер Чыңгыз Ажибаев болду. Ал кызматын өз каалоосу менен өткөрүп бергенин, ага карата каралоолор болгонун айтып чыкты.
"Менин айланамда кимдер ушак таратып, каралоолорду уюштуруп жатканы бүгүн дагы бир жолу ачыкка чыкты. 2-3 адам жана 4-5 фейк аркылуу каралоо компаниясын уюштуруп, анысын эң бийик трибунага алып чыккандарга да Кудай бар",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Анткени кесиптеши анын мандаты да каралышы керектигин айтып чыккан болчу. Ажибаевдин алдында Карим Ханджеза парламенттин төрагасынын орун басары кызматын тапшырып берген. Ошентип, Ажибаевдин ордуна Медер Алиев, Ханджезанын ордуна Болот Ибрагимов шайланышты.
Мурдагы спикерден тышкары, бул аралыкта депутаттык мандатын өткөрүп берген 8 эл өкүлү болду. Февралдын 17синде Элдар Сулайманов мандатын тапшырып берген. Белгилей кетүүчү нерсе, мурунку жубайы аны зомбулук көрсөтүүгө айыптап чыккан. Анын депутаттык орду Азизбек Абдуллаевге тийди.
Кундузбек Сулайманов алгач "Мекенчил" депутаттык тобунун лидерлигин Талант Мамытовго өткөрүп берип, кийинчерээк мандатынан ажырады.
Сулайманов депутаттыктан кол жуур алдында социалдык тармактарда анын таанышын кызматка дайындоодо чыккан пикир келишпестик маселеси боюнча аудиожазуу тараган. Анда эл өкүлү дайындап, кызматка алып барган тааныш баланы жетекчиси урушуп койгондугу баяндалат. Ал өзү буга түшүндүрмө берип, "ал бала менен жеке тааныштыгым жок. Мага эч кандай басым же мажбурлоо болгон эмес",- деп жазды ал Facebook баракчасына. Экс-депутат саясий кырдаал жаралардын алдында президентке кыйыр сын айткан. Саясий абалдан кийин өлкө башчысына ыраазычылык билдирген. Сулаймановдун мандаты Райимберди Дүйшенбиевге буюрду.

19-февралда Таалайбек Сарыбашов ант берди. Ал Ош шаарына мэр болуп кеткен Жанар Акаевдин ордуна келди. Акаев жетектеген "Ала-Тоо" депутаттык тобунун лидерлиги Талайбек Масабировго тийди. Ал күнкү отурумда "Ата-Журт" депутаттык тобу да лидерин алмаштырды. Тагыраагы, Нурланбек Азыгалиевдин ордуна Дастан Жумабеков шайланды.
10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык күбөлүгүнөн ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалды. Айта кетсек, социалдык тармактарда Кубанычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео тараган. Эми анын ордуна Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши ыктымал.
БШК 13-марттагы жыйынында Курманкул Зулушевдин Жогорку Кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарын анын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мекеме 14-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруу боюнча жазган арызын карап, канааттандырды. Ал мандатынан ажыратылардын алдында ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип чыккан.
14-мартта ал билдирүү жасаганга жетишип, чечимди аргасыздан кабылганын билдирди.
"Бул чечимди кабыл алуу жеңил болгон жок. Бирок ар бир кадамымды мамлекеттин кызыкчылыгын жана элдин ишенимин эске алуу менен кабыл алып келгем. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк, элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум. Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй-бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду",- деди ал.
Белгилей кетүүчү жагдай, Шайырбек Ташиев парламенттен кетер алдында социалдык тармактарда анын аудиожазуулары жана видеосу тараган. Алсак, аудиожазууда ал маектеши менен кымбат баадагы сатып алуулар тууралуу сөз кылат. Ал эми экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулун экөөнүн казино тууралуу сүйлөшкөнү тартылган видеодо болсо, алар кумар ойноп, 1 миллион 320 миң доллар карыз болушканы айтылат.
Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыра электе: "Бирөө "тапшыр" десе эле кетип кала турган адам эмесмин. Анан коркутса эле коркуп кала турган да адам эмесмин",- деген жайы бар.

15-мартта Нурланбек Азыгалиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Эл өкүлү өз каалоосу менен арыз бергени айтылды. 16-мартта Гүлсүнкан Жунушалиева жазган арызынын негизинде Жогорку Кеңештен кетти.
Ошентип, Зулушевдин ордуна Улугбек Ормонов, Шайырбек Ташиевдин ордуна Мавлюда Калбердиева, Азыгалиевдин ордуна Бактыбек Чойбеков, Жунушалиеванын ордуна Алтынкүл Мурзакимовага келишти.
Парламентте аталышын өзгөрткөн депутаттык топтор дагы болду. Алсак, "Ата-Журт" депутаттык тобунун аталышы "Эл үмүтү - Ата-Журт" деп өзгөртүлдү. "Адилет Кыргызстан" атын "Ишеним" кылса, "Мекенчил" тобу "Ынтымак-Мекенчил" аталды.
Эң кызык окуя №13 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгынын кайра жарактуу деп табылганы болду. Муну менен парламенттеги 90 орундун бош калган үчөө толукталды. Жыйынтыгында Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабековага мандат буюрду. Саясий кырдаалдан кийин БШКнын чыгарган чечими коомчулукту таң калдырды. Ал округ боюнча эмнелер белгилүү? Бул шилтемеден окуңуз.
Ал эми Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышынан кийин дагы кандай окуялар орун алды? Бул жерден окусаңыз болот.