Биз социалдык тармакта

Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү менен жактоочулары Жогорку Сотко кайрылды

Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү менен жактоочулары Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Чынара Жакупбекова жаңы ачылган жагдайлар боюнча анын ишин кайра кароону өтүнүшкөн.

Буга чейин 3-майда Жогорку Сотто абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстеринин күчүнө киргенине байланыштуу кайра каралган. Алар "коррупция" боюнча айыпталышып, 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган. 3-май күнү Жогорку Сот ал өкүмдү өзгөртүүсүз калтырып, андан бир гана үй-мүлктү конфискацияга алуу тууралуу бөлүгүн алып салууну чечкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kylychisa
2019-05-23 20:48:39
Тольк чыкпайт ко себеби балык башынан сасыган
+1
AsiaBoy
2019-05-23 21:41:38
Жогорку соттун чечими акыркы деп жазылатго.Эмнеге кайра кайрылышты сотго
+2
Erik2018
2019-05-24 10:04:24
Текебаев Атамбаевдин саясий курмандыгы болуп калганы баарыбызга белгилүү ошентсе да сот калыс чечим чыгарат деген ойдомун.
0
altyn-kumush
2019-05-24 10:10:29
Текебаев чыкса байкуш Атамбаевдин эле шору го. Бирок, анткен менен буга чейинки соттук отурумдарда утулган, мында утуусунун ыктымалдуулугу ото аз
0
Tolkun555
2019-05-27 00:38:52
Текебаевди камаганы рас Эле болду.Озу айткандай баарын озу кылып жургон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан